<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>D</key>
<lyrics>[V1]
.   D                         A
 Кубанычтуу кабар тарап бүт жерге,
. G            A7           D
 Бейт-Лехемде төрөлдү Ал Наристе.
.                         Em
 Кудайымдын мээримине бөлөндү,
. G                D     A7      D
 Тынчтык, чындык, өмүр келип элдерге.

[V2]
 Сүйүнүчтүү бул кабар кандай сонун
 Жүрөгүңдү аруулукка бөлөгөн.
 Сүйүктүү бул Наристе кандай момун,
 Ыйык Рухтан кыз Мариям төрөгөн.

[V3]
 Ар жыл сайын үмүт, бекем ишеним
 Дос, туугандар, баарыңарды коштосун.
 Өчпөс оттой жарыгыбыз жаркырап,
 Теңир Ыйса Өзү дайым колдосун.

[V4]
 Жараткан кең ааламды, кең дүйнөнү,
 Океан, деңиздерди, түркүндөрдү.
 Кеменгер Жаратуучу чечкен болчу
 Дүйнөгө адам болуп төрөлүүнү

[V5]
 Керемет жер үстүндө болду анан,
 Кудуреттүү Жараткан болду адам.
 Сүрүлүп караңгылык таң да атты,
 Мариям бешик ырын ырдап жаты.

[V6]
 Тартуула белектерди аябастан,
 Сөздөрүң, чын жүрөктөн даңктоо ырың.
 Теңирге сен ыраазы болгун дайым,
 Өстүрүп сүйүүңдү да ар күн сайын.

[V7]
 Сиздерди куттуктайбыз бул күн менен,
 Төрөлдү Ыйса Өзү сиз үчүн да.
 Кубанып, шаң, салтанат, обон созо,
 Теңирди даңазалап биз ырдайлы.

[V8]
 Чынында кереметтүү туулган күндүн
 Айталы баарыбызды кубантарын.
 Айталы бул туулган күн ыйык майрам,
 Эч бүтпөй, түбөлүккө уланарын.</lyrics>
<title>Кубанычтуу кабар тарап бүт жерге</title>
</song>